Ажария

өзэркин аймак жана Гүржүстандын курамындагы республика.

Ажа́рия (груз. აჭარა, Ačʼara), Ажар Автоном Республикасы (груз. აჭარისავტონომიური რესპუბლიკა, Ач'арис автономиури республика) — тарыхый, географиялык и политикалык-административдик Гүржүстандагы регион.

Ажария Автоном Республикасы
(груз. აჭარის ავტონომიური რესპუბლიკა
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Ажария Автоном Республикасы картада

Өлкө:

Гүржүстан

Абалы:

Автономдуу республика

Курамында:

1 шаар, 5 муниципалитет

Акимий борбору:

Батуми

Түзүлгөн убакыты:

1991

Ыйгарым өкүлү:

Торнике Рижвадзе

Расмий тили:

Грузин тили

Калкы (2018):

346 300

Жыштыгы:

20,33 адам/км²

Жер аянты:

2899 км2 км²

Саат алкагы:

UTC+4

ISO 3166-2 коду:

GE-AJ

Мамлекеттүүлүгү түзөтүү

  Батум облусу, Орусия империясы 1878—1883, 1903—1918.
  Батум округу (ооданы), Орусия империясы 1878—1918.
  Ажария АССР, ГССР 1921—1990.
  Ажария 2000—2004.
  Автономдуу Ажария Республикасы, Грузия

Климаты түзөтүү

Деңиз жээги менен тоо этектеринин климаты жылуу жа нымдуу субтропиктик, тоолуу аймактары нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы деңиз жээктеринде 4-6°С, тоолорунда 2°Сден -2°Сге чейин, июлдуку 22-23°С жана 1620°С. Жылдык жаан-чачыны 1000-2800 ммге чейин. Негизги дарыясы - Чорох. Ойдуңдуу аймактарында аллювий жана саз топурактары таралган. Аймагынын 50%тен ашыгын жазы жана ийне жалбырактуу токой ээлейт. Жээк тилкелеринде субтропик өсүмдүктөрү өсөт. Кинтриши коругу, Батуми ботан. багы уюшулган.

Калкы түзөтүү

Негизинен ажар, грузин (320 миң, 2014), ошондой эле орус, армян ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Шаарлары: Батуми, Кобулети. Шаар калкы 48% ти түзөт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 103,2 киши.

Тарыхы түзөтүү

Биздин заманга чейин 6-4-кылымда Колхида падышачылыгынын, кийин Иберия падышачылыгынын курамына кирген. Биздин замандын 4-кылымынан Лазика мамлекетине карап, андан соң, 8-кылымдан Абхаз падышачылыгынын бир бөлүгү болуп калган. 10-кылымда бириккен Грузия мамлекетине кирген. 11-кылымда селжук, 13кылымда монгол-татар жапырыгына учураган. 16 кылымдын ортосунда Батум (Батуми) облусунун борбору жана анын округдары Осмон империясынын курамына кирип, жергиликтүү калк ислам динин тута баштаган. 1878-ж. Россияга (Батум облусу) кошулуп, Кутаиси губерниясынын курамына киргизилген. 1918-21-ж. Батумда бир нече жолу бийлик алмашылган. 1921-ж. Карск тынчтык келишими боюнча Грузиянын курамындагы Батуминин автономия статусун сактап калууга Түркия менен Советтик Россия гарант болушкан. 1921-ж. 16 июлда ГССРдин курамында Ажар АССРи түзүлгөн. 1922-жылдын декабрынан Грузиянын бир бөлүгү катары СССРге кирген. 1990-жылдын декабрынан азыркыдай аталат.

Өнөр жай түзөтүү

Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыратуу, машина куруу (электр техникалык буюмдар, тамак-аш өнөр жайына жабдуу, кеме куруу), тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), жеңил, жыгаччылык. Ажарисцкали ГЭСи курулган. Маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү - чай, цитрус, тамеки, тунг. Жүзүмчүлүк өнүккөн; жүгөрү, лавр, эвкалипт, бамбук да өстүрүлөт. Башкы деңиз порту - Батуми шаары Деңиз жээгинде Батуми, Кобулети, Цихисдзири, Жашыл Тумшук, Махинжаури курорттору жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1