Ажаткана кагазы (орус. Туалетная бумага) — Ажаткана үчүн жасалган жумшак кагаз. Рулон жана жөн эле төрөт бурчтуу түрлөрү кеңири колдонулат.СССР доорунда СССРдеги өлкөлөр ажаткана кагазын көп колдонгон эмес. Товар дефицит болгондуктан көпчүлүк эл китеп, дептер, гезит барактарын колдонушкан.Кийин базар экономикасына өткөндөн бери ишкерлер ажаткана кагазын өндүрүп, элдер ажаткана кагазын кеңири колдонууга өтүшкөн. Алгач боз өңдүүсүн гана колдонулган болсо, учурда ажаткана кагаздын бир канча түрү бар.

Рулондолгон ажаткана кагазы

Тарыхы түзөтүү

Ажаткана кагазы Кытайда ойлонуп табылган деп эсептелет. Ал тууралуу маалымат биздин замандын 589-жылында жазылып калтырылган. Ал кезде ажаткана кагазы таңсык катары эсептелип, императордук сарайда гана колдонулган. Европада 14-кылымда пайда болуп, 18-кылымдын башына чейин падышалар менен императорлордун үй-бүлөсү жана алардын чөйрөсүндөгүлөр гана пайдалана алышкан. 18-кылымдын башында шаардык тургундар ажаткана кагазы катары гезит, журнал, китеп, конверт, кагаз баштыктарды колдонууга өтүшөт. 1857-жылы барак түрүндөгүсү өнөр жайдан чыгарыла баштайт. 1871-жылы Америкада түрмөктөлгөн алгачкы ажаткана кагаздары пайда болот. Ал эми жарнамасы Британияда 1883-жылы жарык көргөн. Ошол кезге чейин ажаткана кагазы тууралуу сөз кылуу адепсиздик катары саналган. Андыктан аны чыгаруучулар ойдон чыгарылган бренд менен аташчу же өндүрүүчүнүн аты-жөнү жазылчу эмес. Учурда аталган санитардык-гигиеналык каражат ар бир үйдө жолугат. Бирок алар бири-биринен өң-түсү, курамы, тыгыздыгы, катуулугу жана бекемдигинен, курамында тиричилик таштандылардын калдыктары бар же жок экендигинен айырмаланат. Түрмөктөө ыкмаларында да айырмалар бар. Мисалы, канчалык деңгээлде тыгыз түрүлгөндүгү, түрмөктүн узундугу, катмарларынын саны. Эске алуучу нерсе, сапатсыздарынан оору жугат деген далилдер айтылат.

Сүрөттөр түзөтүү

Түрлөрү түзөтүү

  • Картондон жасалган кара өңдүү түрү
  • Макулатурадан жасалган боз өңдүү түрү.
  • Басмаканадан чыккан кагаздардын таарындысынан даярдалган ак өңдүү түрү
  • Таза целлюлозадан даярдалган, ар кандай сүрөттөр менен кооздолуп, жыпар жыт берүүчү түрү.

Ар ким капчыгына жараша ажаткана кагазын тандап алат. Жогоруда көргөзүлгөн 1-2-пункттагы ажаткана кагазын колдонуу ден соолукка кооптуу экенин дүйнөлүк окумуштуулар далилдеп келишет. Себеби макулатура бир гана китепканалардан келбестен, таштандылардан ар кандай шарттарда бир нече жолу иштелип, кагаздар макулатура болуп кайрадан өндүрүшкө кайтып келет.Мындай даарат кагаз колдонгондо аллергия оорулары, ошондой эле жыныстык органда жана көтөн чучукта сезгенүү, геморрой, цистит ооруларын күчөтөт. Андыктан ажаткана кагазын тандоо мааниге ээ. Ажаткана кагазы сапаты түрмөктүн чоңдугунан же тыгыз оролгондугунан кабар бербейт. Ажаткана кагазы жумшак болушу зарыл.

Өндүрүүчү компаниялар түзөтүү

«Белая Берёза» компаниясы жаңы үлгүдөгү ажаткана кагаздын түрүн өндүрөт. «Стандарт» жана «Лепесток» ажаткана кагазы башка кагаздардан өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Тазалыгы жагынан стандарт кагазы макулатуранын МС-1, МС-2 түрүнөн даярдалат. МС-1, МС-2 маркасы бул басмаканадан чыккан кагаздын таарындысы дегенди түшүндүрөт. Ал эми «Лепесток» ажаткана кагазы 100 % целлюлозадан даярдалат.[1]

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Ажаткана