Ажиматов Адылжан 1959-жылы 22-октябрда Сузак районунун Беш-Бала айылында туулган.

  • 1967-жылы Сузак районуна караштуу У. Абдукаимов атындагы орто мектепке барып,
  • 1977-жылы мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Ош шаарындагы бир жылдык бухгалтердик мектептен билим алат.
  • 1978-1980-жылдары Советтик Армияда кызмат кылат.
  • Эмгек жолун Жалал-Абад шаардык канаттуулар фабрикасында бухгалтер-сатуучу болуп иштеп баштаган.
  • 1981-1989-жылдары «Дружба» совхозунда мал чарба цехинде бухгалтер болуп эмгектенет.
  • 1989-1995-жылдары башкы бухгалтердин жардамчысы, башкы бухгалтер болуп эмгектенип ошону менен катар Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун бухгалтер бөлүмүн аяктайт.
  • 2004-2013-жылдары Жалал-Абад областтык Ички Иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн башкы бухгалтери, Ош, Баткен, Жалал-Абад областтык күзөт бөлүмдөрү бириктирилип түштүк башкармалыгы уюшулганда, башкармалыктын башкы бухгалтери,
  • 2014-жылдан ОсОО «Тех-Эксперт-Юг» ишканасында бухгалтер болуп эмгектенет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3