Ажыкеев Эсенкан (1924ж. туулган – 1989-ж.) - өткөөлчүлөр бригадасынын бригадири. Социалистик Эмгектин Баатыры (1966).

1942-49-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. Андан кийин рудникте забойщик-өткөөлчү болуп иштеген. Ажыкеевдин бригадасы эмгектеги зор ийгиликтерге жетишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1