Азадеган - нефтинин дүйнөдөгү ири кендеринин бири. Ирандын түштүк-батышында, Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. Перс булуңу нефтъ-газ бассейнине кирет. 1999-ж. ачылган, азырынча (2005) иштетилбейт. Нефть-газдуу аймак 520 км2 аянтты ээлейт. Алгачкы геологиялык запасы 3,6 млрд о. Кен антиклиналдык түзүлүштө топтолуп, пайдалуу горизонттор палеоген мезгилинин аягында пайда болгон олигоцен-миоцендин акиташ тектеринин арасында жатат. Нефтинин тыгыздыгы 860 кг/м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1