Азамат Мусагалиев (каз. Азамат Мұсағалиев) — 1984 жылы 25 октябрда Астрахан облусунун Камызяк шаарында төрөлгөн.«Камызяк крайынын курамалары» КВН командасынын биринчи капитаны.Орусиялык актёр, телеалпаруучу, куудул.Учурда – ТНТ телеканалында «Где логика?» берүүсүн алып барат, «Однажды в России» юмордук шоусунун актёру.Кошумча өнөрү гитарада мыкты ойнойт.

Азамат Мусагалиев
Азамат Тахирович Мусагалиев
Туулган датасы:

25 -октябрь 1984(1984-10-25) (39 жаш)

Туулган жери:

Камызяк шаары, Камызяк району, Астрахан облусу, СССР, (Орусия)

Жарандыгы:

 Орусия

Кесиби:

актёр, телеалпаруучу, куудул

Үй-бүлөсү

Жубайы Виктория Мусагалиева

IMDb:

ID 10026730

Өмүр баяны түзөтүү

Таланттуу, куйкум сөздүү куудул, Азамат Мусагалиев 1984 жылы 25 октябрда Астрахан облусунун Камызяк шаарында (башка маалымат боюнча Астрахан шаарында) отурукташып калган этникалык казактардын[1] үй-бүлөсүндө туулган. Ал азыркыга чейин чоң апасы менен казак тилинде сүйлөшүп, эне тилинде эркин ой жүгүртө алат.Азамат Камызяк шаарында № 4 мектепте окуган[2].Кесип тандоодо ата-энесинин кыялын орундатам деп бир топ түйшөлгөн. Ал: «Апам мени кеңседе, ак көйнөк кийип, колума дипломат көтөрүп жүргөн жумушта көргүсү келчү. Ал эми атам дарыгер болосуң дээр эле. Атам каза болгондон кийин анын тилегин аткарып медициналык институтка тапшырдым. Бирок апамдын сунушу менен медицина тармагындагы окуумду таштап, инженердин окуусун бүтүргөм. Ошентсе да өз кесибим менен бир күн да иштеген жокмун. Кийин «Интернлар» сериалында дарыгердин ролун аткарып, өзүмдүн, атамдын кыялын орундаттым»,- дейт.

2015 жылдан тарта үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашашат.

КВН түзөтүү

Мусагалиевдин КВНге болгон кызыгуусу 10-классында башталган. КВНде ойногон досу «номер аткарганда артыбызда гитара ойноп берип турасың» деп аны командага кошуп алат. Алгач Азамат жергиликтүү Камызяк шаарында КВН командасын түзүп, Орусиянын шаарларын кыдырып гастролго чыгып акча таап жүрөт.

2007-жылы күчтүү харизмасы, тапкычтыгы менен көзгө көрүнүп калган куудул Астрахан облусунун «Альтернатива» КВН курама командасына кабыл алынат. Көп өтпөй «Сборная Камызякского края» командасынын капитаны болуп шайланат. Аталган команда менен Мусагалиевдин жылдызы жанып, Масляковдун Жогорку Лигасында бир нече жолу ийгилик жаратат.

2015-жылы аталган команда КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиондугун утуп алышкан. Азамат Мусагалиевди Кыргызстанда аймактык «Ала-Тоо» Лигасынын Эльдияр Кененсаров менен биргеликте негиздөөчүсү жана редактору катары жакшы таанышат[3].

Телекөрсөтүүлөрдө түзөтүү

  • 2014 жылы Орусиянын биринчи каналындагы « (орус.) Чувство юмора» шоусунун катышуучусу болгон.Ошол эле жылы ТНТ каналында « (орус.) Однажды в России» шосунда дебютталган.
  • 2015 жылы Мусагалиев «Интернлар» серялына тартылган.Ошол эле жылы «Где логика?» шоусунун алпаруучусу болуп дайындалат.

Азамат Мусагалиев ТНТ каналындагы учурда алып барып жаткан «Где логика?» берүүсүн башында Павел Воля алып бармак. Тагдыр ташы кокусунан Мусагалиев тарапка ооп, берүү башталарга эки жума калганда редакторлор алпаруучулукту Азаматка сунуштайт. Анткени канал жетекчилери Азамат Мусагалиевдин Павел Волянын ордун баса аларына бөркүндөй ишенишкен.

Жеке жашоосу түзөтүү

«Күлгөндү билген адам эң бактылуу» деп эсептеген Азамат Мусагалиев жеке жашоосунда сахнадагыдай, кинодогудай эле бактылуу.

2008-жылы жубайы Викторияга[4] баш кошуп[5], учурда Ляйсан жана Милана деген кыздарын тарбиялап келишет[6]. Кыздарын тарбиялоо менен көбүнчө аялы алек болорун айткан Азамат: «Үй-бүлөм менен көп убакытка көрүшпөй жашаган күндөр болду. Бирок былтыр Москва шаарына көчүп келгенден бери сейилдөөгө, театрга, киного чогуу барып калдык. Жубайым кыздардын «каприздерин» мага караганда жакшы билет, мен эркелеткенди гана билем. Аялымдын үчүнчү баласы болуп калгам, ал кааласа мени кошуп тарбиялап коёт»,- дейт.

2015 жылдан тарта үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашашат.

Тасмаграфия түзөтүү

  • 2015–2016 — Интерндер — Тимур Борисович Алабаев, доктур-терапевт
  • 2018 — Zомбоящик — «Ударь Бузову» шоусунун алып баруучусу
  • 2019 — Толя-робот — Эльдар Рахманович, «Екатерина+» компаниясынын жетекчиси
  • 2019 — Холоп — Хан

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү