Аздар, азбудун — орто кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси жана аз деп экиге бөлүнгөн. Тон-Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири боюнча Аздар мурун Туванын батышында жашап, 716-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жети-Суудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян-Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу аздар аталган деп болжойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1