Аземкулова Жылдыз Курсантбековна

Аземкулова Жылдыз Курсантбековна (5. 4. 1972-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - агартуучу жа жетекчи кызматкер.

Бишкек гуманитардык университетин (1995) жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн (2007). Эмгек жолун 1994-ж. Суусамыр орто мектебинде орус тили мугалими болуп баштаган.

2002-жылдан Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана Жайыл райондук администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы. Ардак грамоталар менен сыйланган. Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9