Аземкулов Шаршеналы
Аземкулов Шаршеналы (7. 11. 1937, 8-Март кыштагы - 2009, ошол эле жер) - эл агартуунун отличниги, жетекчи кызматкер.
- Кыргыз Мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн (1962).
- Эмгек жолун 1962-ж. Миң-Куш орто мектебинде мугалим болуп баштаган.
- 1964-ж. Суусамырдагы 8-Март орто мектебинде химия-биология мугалими, 1965-69-жылдары мектептин директору болуп иштеген.
- Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
- 1990-жылдан «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси.
- 1997-ж. ардактуу эс алууга чыккан.
- Мойнок уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9