Абдирасулова Азиза Папановна – укук коргоочу, “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси, “1000 PeaceWomen” Нобель сыйлыгынын номинанты[1], “Даңк” медалынын ээси[2].

Азиза Абдирасулова Ош облусунун Ленин районундагы Беш бадам айылында 1958-жылы 10-мартта[3] көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн (алты баланын төртүнчүсү)[4].

Билими жана кесиптик ишмердүүлүгү: түзөтүү

Азиза Папановна 1975-1978-жылдары Майлуу-Сайдагы Электромеханикалык техникумдун электромеханика факультетинде окуган. Окууну аяктагандан кийин эле Майлуу-Суу шаарындагы электр лампа заводунда монтаждоочу, технолог, улук технолог болуп иштеген. 1984-жылы жолдошу жана үч баласы менен Сибирге көчүп кетишкен. Ал жактан Томск инженердик институтунда экинчи билимин алган. Ошол эле маалда 1984-жылдан 1990-жылга чейин Азиза Томск облусунун Киреевск айылындагы “Полюста” нормалоочу, мастер, күзөт башчысы болуп иштеген.

Азиза Абдирасулова СССР тараардын алдында үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген. Өз шаарында инженер кесиби менен иштей турган жер болбогондуктан, ылгап отурбастан бардык иштерди жасаган, жада калса базарда “Chupa Chups” сагыздарын сатчу[5]. 1996-жылдын аягында Азиза Абдирасулова Бишкекке көчүп келген. Ал убакта күйөөсү экөө 5 балалуу болушкан. Борбордо ишкерлик менен алектене баштаган (базарда таттуудан баштап кийим-кечеге чейин сатчу), тигүүчү, нан бышыруучу болуп иштеп, манты жасап сатып, айтор, колунан келген иштин баарын жасаган.

Азиза Абдирасулованын укук коргоо ишмердүүлүгүнө  жолу 1998-жылы башталган: ал актуалдуу социалдык темадагы макалаларды жазчу, бул макалалар “Res Publica” гезитинде жарыяланып турган.

Укук коргоо ишмердиги түзөтүү

2000-жылы ал өзүнүн жарандык позициясын жигердүү түрдө көрсөтө баштаган: Кыргызстандын коомчулугу Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршылыгын көрсөтүп чыкканда “Res Publica”[6] гезитинин кабарчысы катары тынч акцияларга катышкан[7]. Бул үчүн ал административдик жоопкерчиликке тартылган. Сот отурумунун жүрүшү коомчулуктун назарын бурган.

2002-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Аксы районунда болгон каргашалуу окуяда  Азиза Абдирасулова аксылыктардын таламын талашкан укук коргоочулардын катарында болгон[7].

2003-жылы Азиза Абдирасулова укук коргоо боюнча окуудан өтүп, ошол маалда өзүнүн укук коргоо уюмун түзүүнү чечип, аны “Кылым шамы” деп атаган.

Азиза Абдирасулова 2000-2009-жылдары адилет соттук териштирүүгө, 2003-2010-жылдары жарандардын тынч чогулуу эркиндигине болгон укуктарынын сакталышына, 2006-2010-жылдары адамдардын кыйноодон эркин болуу укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөн. Улуттук демократиялык институттун, “Фридом Хауздун”, ФМТнын, “Интерньюстун”, ЕККУнун, ЕККУ/ДИАУБдун, FIDH, Евробиримдиктин, БУУнун, БУУӨПтүн ж.б. көптөгөн окуу семинарларына катышкан.

Кылым шамы түзөтүү

“Кылым шамы” – коомдук фонд, ал коммерциялык эмес, укук коргоочу уюм болуп саналат. Анын максаты – “адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү жана коргоо аркылуу демократиялык, укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү”[8]. Өз ишмердүүлүгүнүн алкагында уюм юридикалык маселелер боюнча акысыз консультацияларды берет, мамлекеттик органдардын чечимдери жаатында талдоо, мониторинг, изилдөөлөрдү жүргүзөт, адам укуктарын коргоого, бул багыттагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат. Анын өкүлдөрү түрмөлөрдү кыдырып, кыйноо боюнча мониторинг жүргүзүшөт.

Азиза Абдирасулова - “Кылым шамынын” директору жана негиздөөчүсү.

Сыйлыктары жана кесиптик таанылуусу: түзөтүү

“1000 PeaceWomen” Нобель сыйлыгынын номинанты.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын “Эркиндиктин коргоочулары” сыйлыгынын лауреаты[9]

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “Акыйкат” медалы менен сыйланган[10]

Демократияны өнүктүрүүгө жана адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган[11].

Шилтемелер түзөтүү

  1. За нобелевскую премию мира будут бороться 7 кыргызстанок // https://rus.azattyk.org/a/2427620.html
  2. https://vesti.kg/politika/item/2967-uzhe-nachalas-prezidentskaya-gonka.html
  3. https://who.ca-news.org/people:11821
  4. Моя страна распалась без меня //  https://inosmi.ru/20170224/238776827.html
  5. https://inosmi.ru/20170224/238776827.html
  6. https://www.dw.com/ru/азиза-абдирасулова-легко-ли-быть-правозащитником-в-киргизии/a-3867353
  7. https://notorture.kg/obshhestvennyj-fond-kylym-shamy/
  8. https://mognovse.ru/ect-rezyume-f-i-o-abdirasulova-aziza-papanovna-god-i-mesto-roj.html
  9. https://vesti.kg/politika/item/2967-uzhe-nachalas-prezidentskaya-gonka.html
  1. За нобелевскую премию мира будут бороться 7 кыргызстанок // https://rus.azattyk.org/a/2427620.html
  2. https://vesti.kg/politika/item/2967-uzhe-nachalas-prezidentskaya-gonka.html
  3. https://who.ca-news.org/people:11821
  4. Моя страна распалась без меня //  https://inosmi.ru/20170224/238776827.html
  5. https://inosmi.ru/20170224/238776827.html
  6. https://inosmi.ru/20170224/238776827.html
  7. 7.0 7.1 https://www.dw.com/ru/азиза-абдирасулова-легко-ли-быть-правозащитником-в-киргизии/a-3867353
  8. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2022.
  9. https://mognovse.ru/ect-rezyume-f-i-o-abdirasulova-aziza-papanovna-god-i-mesto-roj.html(жеткиликсиз шилтеме)
  10. https://mognovse.ru/ect-rezyume-f-i-o-abdirasulova-aziza-papanovna-god-i-mesto-roj.html(жеткиликсиз шилтеме)
  11. https://vesti.kg/politika/item/2967-uzhe-nachalas-prezidentskaya-gonka.html