Азиз Мурадилаев

Кыргызстандык актёр

Азиз Мурадилаев (1978-2022) — Кыргызстандык актёр.

Азиз Мурадилаев
Туулган датасы:

12 -июнь 1978(1978-06-12)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

17 -декабрь 2022(2022-12-17) (44 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр

IMDb:

ID 5481932

Өмүр баяны түзөтүү

Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Фрунзе (учурда Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Үсөн Мурадилаев жана апасы КРдин Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүрүн театрга арнаган инсандар. Экөө тең Бишкектеги Кыргыз драма театрынын алдындагы студияны, андан кийин Ташкенттеги театралдык окуу жайды аякташкан.

Азиз мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайда, кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билим алган. "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" баш болгон 40тан ашык спектаклде ойногон. "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" жана башка тасмаларда роль жараткан.

2016-жылы октябрь айында Азиз Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сары) диагнозу коюлган. Алмазбек Атамбаев актердун операциясы үчүн 500 миң сом, андан кийин 414 миң сом бөлгөн. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын (231, 8 миң сом) которгон. Мындан сырткары, ырчылардын катышуусу менен концерт-марафон өткөрүлгөн. Ага октябрь айында Москва шаарында алгачкы операция жасалган. Ал эми Стамбул шаарынын "Memorial" клиникасында боорун алмаштыруу боюнча жасалган операциянын баасын 95 миң доллардан 30 миң долларга арзандатып берүүгө аталган клиниканын Борбор Азия боюнча адиси Фуркан Улусой көмөк көрсөткөн. Бирок Түркияга барганда профессор-гепатолог Корай Ажарлы экинчи операциясын жасагандан кийин боорунун иштеши жакшырып, калыбына келе баштаганын айтып, алмаштыруунун кажети жок экенин билдирген. Мурадиллаевдин үй-бүлөсү дарыгердин жакшы кабарынан кийин буга чейин чогулган каражатты муктаж болгондорго берүүнү чечкен.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Эскермелер түзөтүү