Азиз Санжар (англ. Aziz Sanjar; түрк. Aziz Sancar 1946-жылы 8-сентябрь) – түрк тектүү америкалык биохимик жана молекулардык биолог. ДНКнын калыбына келисүү, клетка циклинин көзөмөл механизми жана циркаддык сааттар боюнча адистешкен. 2015-жылы Азиз Санжар, Томас Линдал жана Пол Модрич менен бирге ДНКнын калыбына келүү механизмин изилдөөлөрү үчүн химия жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Окумуштуу ордун алмаштырган бактериялардагы фотолиз жана нуклетоиддердин эксцизионалдык репарациясынын изилдөөсүнө салым кошкон.

Aziz Sanjar
Туулган жылы:

8 -сентябрь 1946(1946-09-08) (77 жаш)

Өлкө:

АКШчөйрөсү =

Илимий чөйрөсү:

{{{Илимий чөйрөсү}}}

Иштеген жери:

Түндүк Каролина университети

Альма-матер:

Стамбул университети (медицинанын доктору, 1969); Техас Университети (Даллас), (PhD, 1977)

Сыйлыктары


Нобел сыйлыгы, 2015

Учурда Азиз Санжар Түндүк Каролина университетинин Медицина мектебинин биохимия жана биофизика профессору Сара Грэм Кенандын жардамчысы жана UNC Lineberger Comprehensive Cancer Center рак оорусунун борборунун илимий мүчөсү. Окумуштуу түрк элинин маданиятын илгерилөөсүн жана АКШдагы түркиялык студенттерге жардам берүүчү коммерциялык эмес Aziz & Gwen Sancar уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Азиз Санжар Түркиянын Мардин аймагынын Савур районунда орто жашаган дыйкандын үй-бүлөсүндө сегиз баланын жетинчиси болуп төрөлгөн. Санжар баштапкы жана орто билимин Мардиндеги орто мектепте алган. Бала чагында футболго кызыгып, бирок кийинчерээк, жогорку класстын окуучусу болгондо футбол оюнчусу болуу пикиринен баш тартып, Стамбул шаарына билим алууга жөнөйт.

1963-жылы Стамбул университетинин Медицина факультетине тапшырып, 1969-жылы эң мыкты/алдыңкы студент катары аяктаган. Стамбул университетие аяктаган соң кайрадан Савурга барып, жергиликтүү медициналык пунктта иштеп баштаган. Андан кийин NATO-TUBİTAK уюмдарынын стипендиясы менен алгач Джонс Хопкинс Университетинде, андан соң Даллас Техас университетине которулган. Далластагы Техас университетинин молекулярдык биология программына жана учурдагы ардактуу профессор Клод Стэн Руперттин лабораториясына кабыл алынган. Ал жерде Санжар мугалими Руперт менен фотолиз катары билинген генди клондоп, генетикалык инженерия аркылуу бактерияларды жогорку деңгээлде көбөйтө алган. Бул ген коддогон фермент, ультрафиолет нурлары менен талкаланган ДНК клеткаларын калыбына келтирет. Мындай табылга Санжардын магистрдик, андан соң доктордук (1977) даражасына алууга түрткү болду. [1]

Азиз Санжар 1977-82-жылдары Йель Университетинде иштеди, ошол убакта фотолиз ферментини үстүнөн иштөөнү убактылуу токтотуп, нуклеотиддин кесилиши, оңдолушу боюнча изилдөөсүн баштаган. ДНКны калыбына келтирүү боюнча доцент болду. 1997-жылдан бери Биохимия жана биофизика тармагында иш алып барган Америка Кошмо Штаттарынын Түндүк Каролина Чаппел Хиллде Түндүк Каролина Университетинде биохимия жана биофизика бөлүмүндө Сара Грэхам Кенан профессору катары изилдөөлөрүн жүргүзүп келет.

ДНКны калыбына келтирүү, клеткалардын ирээти, ракты аяктыруу жана биологиялык саат тармагында изилдөө жүргүзгөн Санжар көптөгөн илимий эмгек, макалалардын автору. Рактан айыктыруу боюнча Санжар циркаддык саат колдонулушу боюнча сыйлык алган. 2001-жылы Америка Химия Жамияты тарабынан бериле турган Түндүк Каролинанын Атактуу Химиги сыйлыгы каралып, 2005-жылы билим дүйнөсүндө эң престиждүү деп саналган АКШнын Улуттук Илимдер Академиясына кабыл алынган алгачкы Түрк болуп саналат. Бул сыйлыкты алгандан кийин Санжар АКШда окуган Түрк студенттерине жардам ирэтинде жана Түрк-АКШ мамилелерине салым кошуу максатында Aziz&Gwen Sancar фондун түзгөн. Түндүк Каролина штатында "Каролина Түрк үйү" аттуу студенттер үчүн конок үйү ачкан. 2006-жылы Түрк Илимдер Академиясынын негизги мүчөсү катары тандалган.

Санжар, ДНКны калыбына келтирүү боюнча жүргүзгөн изилдөө иштери үчүн АКШлык Пол Модрич жана Швециялык Томас Линдал менен биргеликте 2015-жылы Химия тармагында Нобель сыйлыгын алган.[2] Бул үч илимпоз 30 жылдан ашуун убакыт бири биринен көз карандысыз түрдө бактериялардын клеткаларын изилдешкен. Санжар нуклеотиддин кесилиши жана оңдолушу тармагында ачылыш кылган. Азиз Санжар Нобель Сыйлыгын жана сертификатын Аныткабирге берген. Ошентип, Санжардын Нобель сыйлыгы Ататүрк жана Кутулуу Согуш Музейиндеги өзгөчө жайда көргөзмөдө турат.[3]

Циркаддык саат боюнча изилдөөлөр түзөтүү

Азиз Санжар изилдөө тобу менен Period жана Cryptochrome эки гендин адамдардын баардык клеткаларынын циркаддык сааттарын көзөмөлдөп, баардык мезгилдер жана 24 саат убактына туура синхрондоштурат. Бул изилдөөлөрдүн натыйжасын окумуштуулар Genes and Development журналында 2014-жылы 16-сентябрда жарыялашкан. Санжардын изилдөөлөрү адамдардагы циркаддык саатынын иштөөсүнүн толук сүрөттөгөн, алар көптөгөн оорулардын айыктыруу процессине жардамчы болот, (мисалы: мезгилдер алмашуу учурундагы стресс) ошондой эле бул изилдөөлөр рак оорусунун ар кандай фазаларын көзөмөлгө алууда, оптималдоодо жана айыктырууда жардамчысы катары каралат.

Сыйлыктары[4] түзөтүү

  • 1969    MD, Summa Cum Laude (1st in class of 625)
  • 1977    PhD, University of Texas at Dallas
  • 1984    NSF Presidential Young Investigator Award
  • 1995    NIH MERIT Award
  • 2004    American Academy of Arts and Sciences
  • 2005    National Academy of Sciences, USA
  • 2006    Turkish Academy of Sciences
  • 2007    Turkish Koç Award
  • 2009    Univ. of Texas at Dallas Distinguished Alumni Award
  • 2014    Distinguished Visiting Professor – Academia Sinica
  • 2015    Nobel Prize in Chemistry
  • 2016    TWESCO International Turkish Academy - Gold Medal at UN
  • 2016    ASBMB American Society for Biochemistry & Molecular Biology - Bert and Natalie Vallee Award
  • 2016    O. Max Gardner Award - highest honor by UNC Board of Governors
  • 2016    Carnegie Corporation's Immigrant of the Year
  • 2016    North Carolina Award - the highest civilian honor given by the state
  • 2016    National Academy of Medicine

Шилтемелер түзөтүү

  1. Nobel kazanan Sancar, kanser hastalarına umut veren çalışmasını anlattı. Anadolu Ajansı 7 Ekim 2015 Çarşamba
  2. The Nobel Prize in Chemistry 2015.
  3. Atatürk’e vefa borcumu ödedim. www.milliyet.com.tr
  4. UNC school of Medicine. Biochemistry and Biophysics.
  1. архив көчүрмөсү.
  2. https://web.archive.org/web/20151007095712/http://www.nobelprize.org/nobel_prizes/chemistry/laureates/2015/
  3. архив көчүрмөсү.
  4. http://www.med.unc.edu/biochem/people/faculty/primary/asancar