34. Азирейил - ислам дининдеги негизги төрт периштенин бири. Азирейил Жараткандын амири менен адамдардын жанын алат деп айтылат. Мусулмандардын Азирейил жөнүндөгү түшүнүгү байыркы замандагы бутпарастардын, семит (араб) урууларынын исламга чейинки диний ишенимдеринде кеңири таралган каардуу, коркунучтуу духтар жөнүндө монотеисттик диндеги көрүнүш. Азирейил жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөр иудей жана христиан диндеринин жана ага тиешелүү үрп-адаттарынын таасири астында пайда болгон. 4 негизги периште Жебирейил, Азирейил, Микаил, Исрафил наамы менен исламга өткөн. Булар Алла Тааланын негизи периштелери деп аталат. Аларга түрдүү милдеттер тапшырылган. Азирейил - жан алгыч милдетин аткарат.== Колдонулган адабияттар ==