Азия антициклону, Сибирь антициклону - Сибирдин, Борбордук жана Орто Азиянын аймагындагы атмосферанын жогорку басымы. Негизинен кышында материктин кескин муздашынан пайда болот. Кар аз түшкөн суук (айрым жерлерде -50°Сге чейин) абарайын алып келет. Азия антициклонунда атмосфералык басым 1070 мб жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1