Азык торчосу - жаратылыштагы түр аралык трофик (азык) мамилелери. Адатта ар бир түрдүн азыгынын курамын бир эмес, бир канча түрлөр түзүп, ошол эле учурда өзү да башка бир канча түрлөргө азык болот. Биоценоздогу азык байланышы же азык торчосу организмдерди бири бирине энергетикалык жактан көзкаранды кылып, биоценоз системасынын туруктуулугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. Азык торчосу канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору. Ошондой эле биоценоздогу азык торчосун түзгөн организмдер сан жана сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды. Эгерде бир түрдүн саны азайып же көбөйүп кетсе, анда экинчи бир түрдүн да саны азаят же көбөйөт. Мисалы, жырткыч энтомофаг жаныбарлардын санынын азайышы менен фитофаг курт-кумурскалардын саны көбөйө баштайт. Анткени, энтомофагдар фитофаг жаныбарлары менен азыктанып, ар дайым алардын санын жөнгө салып турат. Ошондуктан биоценоздо түр канчалык көп болсо, торчо да ошончолук жыш болуп, биоценоз ошончолук туруктуу болот. Эгерде биоценоздо бир түр азайып же жок болуп баратса, анда ошол эле биоценоздо анын ордун башка түрлөр ээлеп, функциясын аткара берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1