Айбашев Абыгазыр (1907, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы — 1965, Бишкек ш.) — кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1939). Бишкектеги театр студиясын бүткөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр (1926—62). Айбашев драмалык багыттагы таланттуу артист болгон. Түзгөн образдары турмуштун өзүндөгүдөй таасир калтырган. Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөлөнхан (К. Жантөшөв, «Курманбек»), Апылчаев (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), Почточу (Ч. Айтматов, «Бетме-бет») жана башка. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.