Айван (перс. эйван - бастырма, иван - зал, аксарай) - 1) Орто Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж.б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр менен тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат-зал (Парфия менен Сасаниддик Ирандын аксарайларында, орто кылымдагы Орто Азия, Иран, Афганстан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер менен ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай). Кыргызстандын аймагында (көбүнчө түштүгүндө) айваны бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мисалы, Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоңку чатыры купол түрүндө жабылып, капталындагылары кышкы имаратка ылайыкташтырылган. Мындай мечиттер Орто Азиянын Самаркан, Бухара ж. б. шаарларында да кезигет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1