Айгуль Курманова
Айгүл Курманова (1976-жылы 10-апрелде туулган) – белгилүү радио жана телеалпаруучу, иш-чаралардын алып баруучусу.
Айгул Курманова | |
Туулган күнү |
10.04.1976-ж. |
---|---|
Ишмердүүлүгү |
радио жана телеалпаруучу, иш-чаралардын алып баруучусу |
Айгүл Курманова Тоң районундагы Кажы-Сай айылында туулган. Атасы аскер учкучу болгон жана балалыгы Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск шаарында өткөн. Айгүл табигый-биологиялык гимназияда окуп, дарыгер болууну кыялданчу, бирок немис тилинен котормочу кесибине ээ болгон. Ал Кыргызстанга ата-энеси менен 1993-жылы көчүп келишкен.
Радио жана теле алып баруучу катары эмгек жолу
түзөтүүАйгүл Курманова “Европа плюс” радиостанциясында алып баруучу болуп эмгек жолун баштап, ал жерде 1997-жылдан 2003-жылга чейин иштеген. Айгүл Курманова телевидениеге 2000-жылдардын башында келген. Аны MTV каналына чакырышкан [1]. “5-каналда”, КТРКда алып баруучу болуп иштеген.
Айгүл Курманова он жылдан ашык убакыттан бери “Мир” радиосунда “Кофейня” таңкы шоусунун алып баруучусу [2] Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine .
Бүгүнкү күндө Айгүл Курманова ТВ1.kg Archived 2022-01-28 at the Wayback Machine каналынын жамаатында иштейт , анын негизги миссиясы: “Светтик жашоо образын жайылтуу, сабатсыздык жана караңгылык менен күрөшүү”. Ал эми каналдын идеологиясы: “мегаполистердин жашоочуларынын кызыкчылыгы, жаңы технологиялар, билим берүү, сергек жашоо, ааламдашуу, сити маданият” [3] Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine. Айгүл Курманова “Вечер трудного дня” берүүсүнүн жана “Будь в курсе” атайын долбоорунун алып баруучусу.
Сыйлыктары
түзөтүүӨлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган [4] Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine .
Жеке жашоосу
түзөтүүАйгүл Курманова үй-бүлөлүү, 23 жылдан бери бактылуу жашап жатканын Инстаграмдагы баракчасына жазган. Ал эки баланын энеси.
Шилтемелер:
түзөтүүЗвезды Кыргызстана в фотопроекте против насилия — 7 сильных кадров
Персона недели: ведущая Айгуль Курманова (25 июня 2017)
Десять лет позитива: радио «МИР» в Кыргызстане дарит хорошее настроение Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine
Звания и медали: более 200 кыргызстанцев получили государственные награды Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine
tv1.kg . Команда(жеткиликсиз шилтеме)
Айгул Курманова социалдык тармактарда: