Айгыржал кыштагы - Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Башдөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 8 км батыш тарапта, Кара-Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2091 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965-68-ж. Кемпирабат суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы-Жол кыштагынан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1