Айгыржал (өсүмдүк) - (лат. Leucopoa) - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталыктары, экинчисинде энеликтери жана мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл-таштуу жерлеринде 2 түрү кездешет. Топгүлү - татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жалбырактары түшпөйт, кышында кой-эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө алакурттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондуктан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. Орто Азияда, Ыраакы Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.

Leucopoa kingii.

Калып:Bio-stub