Айдарбекова Чынара Аскарбековна

Айдарбекова Чынара Аскарбековна (1970-жылдын 11-мартында Талас облусунун Ленинполь районунун (Бакай-Ата району) Ленинполь айылында (азыркы Бакай-Ата) төрөлгөн) – “Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясы” коомдук уюмунун Байкоочулар кеңешинин төрайымы[1], Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын экс-судьясы[2]. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап соттун тең негиздөөчүсү. Класстык чени бар – 1-класстагы юстиция кеңешчиси.

Өмүр баяны түзөтүү

Айдарбекова Чынара Аскарбековна Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылында (азыркы Бакай-Ата) төрөлгөн, 1987-жылы Ленинполдогу №1 орто мектебин артыкчылык менен аяктаган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) юридикалык факультетинин бүтүрүүчүсү (1992-жыл). 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган, укук боюнча магистр даражасы бар.

20 жылдан ашык убакыттан бери мамлекеттик органдарда, соттук-укуктук реформаларга көмөктөшкөн эл аралык уюмдарда юридикалык адистиги боюнча иштеп келатат.

2013-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган. “Кыргызстандын юристтери” ассоциациясы» коомдук уюмунун активдүү мүчөсү, “Кыргызстандын аял судьяларынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин тең негиздөөчүсү, “КР Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сот” коомдук фондунун тең негиздөөчүсү.

Эмгек жолу түзөтүү

1992-1997-жылдары – Эл депутаттарынын Биринчи Май райондук кеңеши, административдик комиссиянын катчысы.

1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду, башкы адис.

1998-1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын улук консультанты.

1999-2005-жылдары – АРД/Чекки коммерциялык укукту өнүктүрүү долбоору (ЮСАИД), юрист.

2005-2007-жылдары – КМЮАнын Магистратура, аспирантура жана башка улуттук билим берүү программаларынын борбору, улук окутуучу.

2007-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, бөлүм башчысы

2013-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

2013-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы болуп шайланган.

2020-жылдын 14-майында ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы кызматынан бошотулган.

Окутуучу катары эмгек жолу түзөтүү

Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде (КМЮА) юридикалык сабактарды окутуу тажрыйбасы бар.

Сыйлыктары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мааракелик медалы менен сыйланган.

Судьянын биринчи квалификациялык классына ээ.

Маалымат каражаттарында түзөтүү

Конституциялык палатага караштуу Жайкы мектеп // https://www.for.kg/news-497003-ru.html

ЕАЭБ келишимдери КР Конституциясына шайкеш келеби?  // https://rus.azattyk.org/a/27294846.html

Кыргыз Республикасынын сотторунда аудио-видео жазуу процессин изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө // https://www.youtube.com/watch?v=xCFB4aqnu7k

Сот ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамдардагы жаңычылдыктар жана алардын сапатка тийгизген таасири https://kaktus.media/doc/453916_chinara_aydarbekova_o_jenshinah_sydiah_i_bydyshem_sydebnoy_sistemy.html

Кастык тилин колдонууга тыюу салуу Конституциянын өзүндө жана эл аралык стандарттарда каралган // https://platforma.kg/our-priorities/election/chinara-ajdarbekova-zapret-na-ispolzovanie-yazyka-vrazhdy-proistekaet-iz-samoj-konstitutsii-i-mezhdunarodnyh-standartov/

Милиция кызматкерлери гендердик кылмыштын курмандыктарын суракка алууда купуялуулукту сактоого даяр эмес // https://kg.akipress.org/news:1412266/?from=kgnews&place=maincats


[1] https://kawj.kg/wp-content/uploads/2020/06/%D0%A0%D1%83%D0%BA%D0%BE%D0%B2%D0%BE%D0%B4%D1%8F%D1%89%D0%B8%D0%B9-%D1%81%D0%BE%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%B22020.pdf Archived 2022-02-23 at the Wayback Machine

[2] https://rus.azattyk.org/a/30611646.html

Шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2022.
  2. https://rus.azattyk.org/a/30611646.html