Айдар Акаев
Айдар Акаев (20-февраль 1976 , Ленинград — 5-февраль 2020, Орусия) — Кыргызстандык жана Орусиялык ишмер. Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаевдин эң чоң уулу. Каржы министрлигинин Экс-кеңешчиси жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты[1].
Айдар Акаев | |
Ишмердүүлүк тармагы: |
«Рентон-групп» (акциялык пакеттердин ээси) |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Өлгөн датасы: |
5 -февраль 2020 (43 жаш) |
Өлгөн жери: | |
Атасы: | |
Жубайы: |
Сайкал Чокубаева |
Өмүр баяны
түзөтүүАйдар Акаев атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон, ошондой эле Казакстан журт башчысы Нурсултан Назарбаевдин эң кичүү кызы Алия Назарбаевага баш кошуп, бирок никеси узакка созулган эмес.
Ыңкылаптан кийин ал “Кумтөрдүн” иши боюнча келишимге кол коюудагы жемкорлукка шектелип, ага эки ирет издөө жарыяланган. 2005-жылдан бери Орусияда ишкерлик менен алектенип, ата-энеси менен бирге тургандыгы маалым болгон. Экинчи жубайы (айрым ЖМКлар үчүнчү деп да жазып жүрүшөт) Сайкал Чокубаева экөө эки баланын ата-энеси. Турмушка чыкканча ал НБТ каналында алып баруучу болуп иштеген.