Айдын күңүрт жарыгы – Ай бетинин Жерден көрүнгөн Күн тийбеген бөлүгүнүн начар жаркыроосу.

Жер шарынын бетинин аянты Айдыкына караганда 14 эсе чоң жана Жердин жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү да Айдыкынан жогору болгондуктан, Ай толгон кезде Жерди жарыктандырганга караганда Жер Айды 40 эседен ашыгыраак жарыктандырат. Натыйжада, Ай жаңырган учурда анын ичке орок формадагы бөлүгү Күндүн нурунан, ал эми калган бөлүгү жарыкты Жерден алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү