Айкалышкан электр өлчөөчү курал

Айкалышкан электр өлчөөчү курал - ар түрдүү электр чоңдуктарын (ток, чыңалуу, каршылык, сыйымдуулук ж. б.) өлчөөчү курал. Ал өлчөөчү механизмдер, аналог-цифралуу өзгөрткүчтөр, кабылдагычтар жана аларды туташтыруучу көптөгөн зымдардын тизмегинен турат. Ар бир өлчөнүүчү электр чоңдуктары үчүн тизмектин сезгичтиги белгилүү чекке карата жөнгө салынган.

Анча чоң эмес Айкалышкан электр өлчөөчү курал катары ампервольтметрди кароого болот, ал магнит-электр өлчөөчү механизми менен жабдылган. Бул куралдын жардамы менен турактуу, өзгөрмө токтун күчүн, чыңалуусун жана тизмектеги активдүү электр каршылыгын өлчөйт. Ушундай эле куралдардын жакшыртылган түрү (тестерлер) сыйымдуулукту, чыңалуу катыштарын, жарым өткөргүчтөрдүн элементтеринин параметрлерин ж. б. өлчөөгө мүмкүндүк берет. Мындай куралдар (тестерлер, ампервольтметрлер) колдонууга өтө ыңгайлуу жана тизмектерди туура эмес туташтыруудан сактайт да, универсалдуу болуу менен өтө тактыкта өлчөөнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Электр тогун өзгөрүшү - бул 10 пайыздан 220 VOLTS бир алыстоо индексинин турган кооптуу көрүнүш. Бул нерсе кымбат жабдуусунун сыныктарын, ар кандай электр жабдуулары үчүн да алып келиши мүмкүн.[1]

Жазуулар түзөтүү

  1. Электр тогун көзөмөл тандап жатканда эмне билүү керек?. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2019.

Колдонулган адабияттар түзөтүү