Айкелдер - орто кылымдардагы көчмөн түрк тилдүү урууларына таандык мүрзөлөрдөгү обочо атайын аянтка орнотулган, маркумдун элеси түшүрүлгөн таш эстеликтер. Байыркы түрк рун жазууларында «бедиз» деген ат менен белгилүү. Айкелдер монголоид түспөлдөгү адамдарга окшош келип, алардын көпчүлүгүнө адамдын турпаты, курал-жабдыгы же колуна кармаган чөйчөгү (чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган), кушу, айрым учурларда сөйкө, билериктери, кийим-кечесинин деталдары менен кошо чегилген. Айкелдердин бийиктиги 0,4-3 м. Алардын көпчүлүгү жоокер түспөлүндө. Аял түспөлүндөгү айкелдер сейрек кездешет. Айрым учурларда айкелдер жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Айкелдер Монголиядан, Европанын түштүк-чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы айкелдер байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.) көпчүлүгү 6-13-кылымдагы кыргыз, огуз, кыпчак ж. б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай айкелдер Кыргызстандын Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнөн көп табылган. Айкелдер Кыргызстанда 6-кылымдан 10-кылымга чейин коюлуп, ислам дини тарала баштагандан кийин бул салт акырындап жоюла баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1