Айкидо (япончо - күчтү топтоо жолу) - Чыгыштын өзүн-өзү коргоо боюнча жекеме-жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. Айкидону япониялык мастер Морихей Уесиба самурайлардын аскер искусствосунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920-30-ж). Айкидо жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу-джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашынын аракетин өзүнө бурдуруу максатында чабуулдап жана кайра кармоодон тез кетүү пайдаланылат. Анун ыкмаларынын жети жүз жылдык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доорунан башталат. Айкидо ыкмалары ар тараптан келишкен, адамдын денесин жана анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. Айкидо бул табият менен адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын тереңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын айкидо федерациясы 1995-ж. Бишкекте түзүлүп, 1996-жылдан Айкидонун Бүткүл дүйнөлүк борбору - Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө айкидо башка чыгыш таймашууларынын катарында өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1