Айкөл Аликжанова

" Мисс Кыргызстан-2014" наамына татыган сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, Кыргызстандык модель жана актриса

Айкөл АликжановаКыргызстандык модель жана актриса. «Мисс Кыргызстан-2014» наамына татыган сулуулар сынагынын жеңүүчүсү.

Айкөл Аликжанова
Туулган датасы:

30 -август 1990(1990-08-30) (34 жаш)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

модель, актриса, блогер, ишкер

Карьерасы:

модель (2011—2015)
актриса (2013 — 2015)

Өмүр баяны

түзөтүү

Айкөл Аликжанова 1999-жылы 30-августа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

2012-жылы «Мисс Интернет KG-2012» болуп тандалган[1]. 2014-жылы сулуулар сынагында жеңишке жетип, «Мисс Кыргызстан» наамын алган. Андан соң телеге чыгып, модель болуп жана «Chic.kg» сайтында маркетинг боюнча директор болуп, ошондой эле «K-zerger» зергерчилик компаниясынын PR-директору жана жүзү болуп иштеген[2]. 2016-жылдын октябрында ал хижаб кийүүнү чечкени тууралуу блогун жарыялаган, көп өтпөй блогдон баардык жылаңбаш сүрөттөрүн өчүргөн. Айкөлдүн айтымында, пост жарыялагандан кийин, 24 сааттын ичинде 400дөн ашык комментарий жана 10 миңден ашык лайк алган. Хижаб кийген кыздарга арналган өзүнүн кийим линиясын ишке киргизген[3][4].

2022-жылдын январь айында «kaktus.media», социалдык тармактарга шилтеме берип, Казакстанда кармалган «Дикий Арман» каймана аты бар кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин жубайы экенин билдирген. Ошондой эле алар 2021-жылдын ноябрь айында кыздуу болушкан[5].

Тасмаграфиясы

түзөтүү
  • «Көк салкын-2»
  • «До+Фа-2»
  • «Султан Сулайман»

Сыйлыктары жана наамдары

түзөтүү
  • 2011-жылы «Кыргызстандын интеллекттүү периси»
  • 2012-жылы «Туризм сулуусу жана фотого мыкты чыккан периси»
  • 2014-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынактарынын жеңүүчүсү

Булактар

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү