Айлана-чөйрө - адамды тегерете курчап турган жашоо-тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага жаратылыш чөйрөсү жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (курулуштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагычтар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. Айлана-чөйрө жаратылыш чөйрөсүнө караганда кеңирирээк мааниде. Жаратылыш чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адам жараткан чөйрөнүн объектилеринен жаратылыш чөйрөсү жабыркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамдын дээрлик географиялык кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейишине жараша табиятты коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын зарылдыгы келип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1