Айланма мөңгүсүТескей Алатоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөнгү. Уз. 4,2 км, аянты 6,8 км2.

Кенен төрдүн алкымынан башталып, андан чыга бергенде тик эңкейиштейт. Ортоңку морена «тилин» эки салаага бөлөт. Ортоңку морена ка тма ры музду тез эрүүд өн сактап тургандыктан, анын ас- тындагы мөңгүнүн бөлүгү калган бөлүгүнө караганда бир топ бийик болуп турат. 1955–57-ж. Мөңгүгө фототеодолиттик съемка жүргүзүлүп, анын ири масштабда гы картасы түзүлгөн. Эл аралык геофиз. жылы (1957–58-ж.) мезгилинде муздун үстүнкү бетинин абалына байкоо жүргүзүлгөн; кыймылынын ылдамдыгы жылына 15 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4510 м, этеги 3150 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн агып чыккан Айланма суусу Кашкатөргө (Чоң Кызылсуунун оң куймасы) куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2