Айланма процесс, термодинамикалык цикл — бир нече өзгөрүүлөрдөн кийин системанын термодинамикалык параметрлеринин баштапкы маанисине кайрылып келиши. Эгерде, системанын термодинамикалык абалы эки параметр (мисалы, P басым жана көлөм V) менен аныкталса, анда координаталары p, V (термодинамикалык параметрлер) болгон тегиздикте айланма процесс туюк сызык (цикл) менен сүрөттөлөт. Система айланма процесске катышып, жалаң тең салмактуу абалды басып өтсө, тең салмактуу айланма процесс деп аталат. Айланма процесске термодинамиканын 1-башталышы (закону) 6Q=AU+6A колдонулса, U1=U2 болгондуктан AU=0 болот. Айланма процессте системанын аткарган жумушу, анын ар бир бөлүгүндө сырттан алган жана сыртка берген жылуулуктун алгоритмдик суммасына барабар. Ошентип система сырттан алынган жылуулукту механикалык жумушка айландырат. Ал түз айланма процесс деп аталат. Бардык жылуулук машиналары жылуулукту механикалык жумушка айландырат. Ал эми тескери айланма процессте механикалык жумуш жылуулукту муздак нерседен ысык нерсеге өткөрөт. Бул процесс муздаткыч агрегаттарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1