Аймакты эл аралык ижаралоо

Аймакты эл аралык ижаралоо — өз аймагынын бир бөлүгүн же өз аймагындагы объектини (курулушту) белгилүү бир мөөнөткө, белгилүү бир максатта, белгилүү бир шарт менен пайдалануу үчүн бир мамлекеттин бир мамлекетке келишим негизинде бериши. Келишимде каралган тартиптеги чектөөлөрдү бекем сактоо менен бирге, ижаралоочу мамлекеттин пайдасына айрым укуктарды бергендигине карабастан, ижарага берүүчү мамлекет аймактын эгемендүлүгүн сактап калат. Аймакты ижаралоо келишимдери унаа жолдорун (каналдар менен түтүк жолдорун да) куруу жана пайдалануу, субъекттерде эркин экономикалык аймактарын орнотуу ишчаралары аркылуу кеңири кулач жаюуда. Аймакты эл аралык ижаралоонун башка тариздерине эларалык уюмдар менен чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн мамлекетке караштуу жерлерди ижарага алуусу да кирет.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7