Айнулар (Калып:Lang-ain, аину, которулушу.: «Адам»,[3] «Чыныгы адам») — Калык, Жапониянын аралдарында отурукташкан байыркы эл, Алар учурунда Сахалинде, Куриль аралдарында, Камчаткада жана Жапониянын Рюкю аралынан Хоккайдого чейин отурукташкандыгын археологиялык казуулар жана топонимикалык маалыматтардан улам билгиленип келет. Учурда бул эл негизинен Жапонияда гана калган. Калктын расмий саны 25 000, (башка маалыматтар боюнча 20 000[4]), Расмий эмес статистика боюнча 200 000 чейин[5]. 2010-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, Орусияда 109 айну , анын ичинен 94 айну Камчатка крайында[2] катталган.

Айнулар
アイヌ
Улуттук кийим кийген Айнулар тобу. 1904-ж

アイヌ
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: болжол менен: 200 000 
2010-жылдагы маалымат боюнча
 Жапония: 23 782[1]
 Орусия: 109 (2010-ж.)[2]

Тили

Айнуча

XIX-кылымдын аягындагы Айнулар жашаган аймак

Тарыхы түзөтүү

Тарыхчылардын айтымында, айнулар Жапон аралдарына болжол менен неолит (жаңы таш) доорунда барышкан. Бул элдин түпкү теги жана Жапон аралдарына кайдан баргандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Калкы жана тили түзөтүү

Айну эли эң көп жайгашкан Акан айылында 200 гана айну бар. Алардын дээрлик баары жапондор менен аралашып кеткен. Таза кандуу айнулар өтө сейрек. Жапондордун катаал мамилесинен улам мындан 50-70 жыл мурда өз улутун ачык айткандан коркушкан, ошол себептүү Айну эли эне тилин да унутта калтырышкан. Учурда сакталып калган адабияттардан, эне тилин кайрадан үйрөнүшүүдө. Айну тилинде «хапо» деген сөз "апа" дегенди билдирет.

Маданиятты түзөтүү

Айнулар жаратылыш менен гармонияда жашаган, тоо-таш, сууну, жан-жаныбарларды ыйык көргөн эл. Машю көлү тунуктугу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Сууну сыйлап, бул көлгө түшүшпөйт. Токойдо дарактардын кулап жаткандарын көрсө «Жашоосу бүттү» дешип, аларга тийбейт, өздөрү чирип жерге сиңип жок болушат. Ал эми үкү канаттуусу элдин символу катары эсептелет. Айылга кире бериште, үйдө, дүкөндөрдө, бардык жерде жыгачтан жасалган үкүлөрдү көрүүгө болот.

Негизги музыкалык аспабы – жыгач ооз комуз. Анын 20га жакын түрү бар. Темир ооз комузда да ойношот. Кимоно кийишет. Бир чапандын баасы болжол менен 3 миң доллар турат. Баары эле өнөрлүү. Ырдап, бийлеп, ооз комуз ойношот.

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • Айну тили азыр да изилдөөчүлөргө табышмак бойдон. Анын башка тилдер менен таптакыр жакындыгы жок.
  • Жапондор 2,5 кылымдай айнулардан жер талашып согушушкан. Ошол учурда жапон өкмөтү айнулар жашаган жер менен чектешкен аймактардан аскерлерге жер беришкен. Чек арада жашагандардан самурайлар пайда болгон.
  • Аконит өсүмдүгүнүн тамырынан уу жасап, аны аңчылыкка колдонушкан.
  • Аюу ыйык саналган. Кара күчтөр, жин-шайтандар деп жыланды эсептешкен.

Шилтемелер түзөтүү

  1. アイヌ生活実態調査. 北海道. Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2019.
  2. 2.0 2.1 2.2 Всероссийская перепись населения 2010 года. Официальные итоги с расширенными перечнями по национальному составу населения и по регионам. Archived 2021-12-09 at the Wayback Machine: см.: СОСТАВ ГРУППЫ НАСЕЛЕНИЯ «ЛИЦА, УКАЗАВШИЕ ДРУГИЕ ОТВЕТЫ О НАЦИОНАЛЬНОЙ ПРИНАДЛЕЖНОСТИ» ПО СУБЪЕКТАМ РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ Archived 2012-10-18 at the Wayback Machine)
  3. Паллас П. С. Сравнительные словари всех языков и наречий. — репринт. изд. — М., 2014. — С. 45.
  4. Арутюнов С. А. Айны.
  5. Poisson, B. 2002, The Ainu of Japan, Lerner Publications, Minneapolis, p.5.