Айтмусулмандардын эң кадырлуу майрамы: 1) Орозо айт - рамазан айында мусулмандык парз - отуз күндүк орозо тутуу аяктаган соң, орозонун урматына майрамдалат. Орозо айтты ид ал-Фитр (ар.), рамазан-байрам (татарча), шекер-байрамы (түркчө) деп да аташат. Айт алдында ай башы (арапа, четтик) күнү эртеси майрамдала турган айтка даярдык көрүлүп, «жыт чыгарышат». Кыргыздар боорсок бышырып, айрымдары мал союп, камынышат. Эртеси мусулмандар таң эртеңден жакын жердеги мечиттерге (Бишкекте аянтка) чогулуп, салтанаттуу «Айт-намазы» окулат. Намаз окулуп бүткөндөн кийин айт майрамы башталат. Мусулмандар: «Орозоңуз кабыл болсун, айтыңыз маарек болсун!» -деп, бири-бирин куттукташат. Ал күнү ар бир үйдө дүр-дүйүм тамак-аш коюлган дасторкон жайылып, үй ээлери айттап келгендерди жылуу маанайда тосушат. Келгендер ал үйдүн көзү өткөн жакындарына, ата-бабаларынын арбагына багыштап куран окушуп, үй ээлерине жакшылык тилеп кетишет. Орозо айт 3-4 күнгө созулуп, бей-бечараларга битир, садага беришет. Бул майрам «кичи» майрам деп аталганына карабастан, эл ичинде өтө ардакталып, зор салтанат менен майрамдалат. 2) Курман айт мусулмандардын өзгөчө маанилүү майрамдарынын бири. Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин 3-4 күн майрамдалат. Курман айт - ид ал-Адха, ид ал-курбан (ар.), курбан байрам (татарча) деп да аталат. Курман айт күнү Мекеге ажылыкка баргандар Мина өрөөнүндө Ибрагим пайгамбардын курмандыгын эскерүү иретинде курмандыкка чалуу расмисин (ажылыктын акыркы күнү) аткарышат. Аны ажылыкка баргандар гана эмес, ошондой эле колунда бар ар бир мусулман бул күнү бир жандыкты курмандыкка чалуусу керек деп эсептелет (бир киши 1 кой, бир нече киши (1-10) бир бодо же төө ж.б.). Курмандыкка чалына турган мал кемтиксиз болуусу абзел. Мал союп жаткан адам кыбыланы карап: такбир (3 ирет), басмалу, кайрадан такбир (3 ирет), салат ала-н-наби деген сөздөрдү айтып, Алладан курмандыкты кабыл алуусун суранат. Союлган мал этинин үчтөн бири майрамдык тамак-аш даярдоого жумшалып, калганы таркатылат. Курман айт күнү атайын майрамдык куран окулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1