Айтиев Сыргабай 1940-жылы 8-мартта азыркы Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында туулган.

  • 1947-жылы Октябрь кыштагына көчүп келишип,
  • 1948- жылы У.
  • Абдукаимов атындагы мектепке окууга кирет.
  • Турмуш шарттын айынан 1953-жылы окууну таштап,
  • 13 жаш курагынан баштап эмгек жолун баштаганга аргасыз болот.
  • 1960-жылга чейин, “Красный Октябрь” колхозунда ар кайсы тармактарда эмгектенет.
  • 1960- жылы Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылат.
  • Кызматын Россиянын Калининград шаарында өтөп,
  • 1963-жылы айылына кайтып келип, кайрадан колхоздо иштеп калат.
  • 1969-жылы Октябрь кыштагында жаңыдан ачылган механизаторлордун курсуна окууга кирип, алты ай аралыгында окуп бүтүрүп, “Дружба” совхозунда 1995- жылга чейин механизатор болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
  • Жакшы иштегенинин натыйжасында 1977-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат.
  • Үзүрлүү эмгеги өкмөт менен партия тарабынан жогору бааланып,
  • 1984- жылы “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы жана бир нече ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3