Айтикеев Токуш (1933–1984) - жазуучу жана акын. Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында 1933-жылы туулган.

1953-жылы орто мектепти аяктап, Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн айылындагы Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. Ошол эле жылы Нарын мугалимдер институтуна тапшырып, аны 1955-жылы бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин алган.

1955–1956-жж. Ысык-Көл районундагы Көк-Мойнок айылындагы №1 башталгыч мектепте мугалим, 1956-жылдан “Кыргызстан аялдары” журналынын редакциясында адабий кызматкер, 1957–1960-жж “Кыргызмамбаста” улук корректор болуп иштеген. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктап, 1960-жылдан “Чалкан” журналында адабий кызматкер, улук адабий кызматкер, 1977-жылдан жооптуу катчы катары кызмат өтөгөн.

Чыгармачылык иши 1952-жылы журнал-гезиттерге очерктери, аңгемелери, фельетондору жана ырлары басыла баштагандан башталган. Адабий псевдоними Т.Сурамбаев

1961-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Көптөгөн журналист кызматташтары тарабынан СССР Жазуучулар союзуна өтүүгө сунушталган.

1977-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Саамалык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 85 б.

Чоң атанын жомогу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 70 б.

Биздин Керим: Өспүрүм балдар үчүн повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 84 б.

Өз сөзү менен: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1964. – 44 б.

Коркок: Мектепке чейинки балдар үчүн аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. – 12 б.

Үмүт түгөнбөйт: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1967. – 94-б.

Сандыктагы кол жазма: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1871. – 94 б.

Түрмөк: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 155 б.

Кадамдар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 43 б.

Жетимдин өмүрү: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1980. – 173 б.

Сулуулук: Ырлар жана сатира. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 122 б.

Согуш издери: Ырлар, сатира, поэма. – Ф.: Мектеп, 1983. – 58 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү