Айтма күүлөр - чыгарманын мазмунун айтып, маанисин чечмелеп берүү үчүн ыр, обон, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат тууроо сыяктуу каражаттарды колдонуу менен аткарылган күүлөр. Кыргыз күүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү адегенде ушундай синкреттик формада жашаган. Адепки таржымал тексттен, обондуу- ырдан ажырап калгандар бара-бара кара күү катары калып- танган. Айтма күүлөрдө болсо ошол алгачкы форма сакталып калган. Комузда жана кыякта көп аткарылган. Айтма күүлөр программалуу болгон. Айтма күүлөрдүн ичине кыргыздагы жомоктук- дастан күүлөрдүн, тамсил күүлөрдүн жана куш добуш күүлөрдүн көбү кирет. Айтма күүлөр комузчулар менен кыякчылардын гана эмес, акындардын репертуарынын да кезиккен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү