Айылчы Токтогулов
Айылчы Токтогулов – жазуучу[1].
Айылчы Токтогулов | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Жарандыгы: |
Ал Токтогул районунун Толук айылында 1951-жылы 12-мартта туулган. 1968-жылы Толук орто мектебин бүтүргөн.
1973-жылы Ош мамлекеттик институтунун музыка-педагогикалык факультетин бүтүрүп, турмуш жолун Толук орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган[2].
1976–1992-жж. окуу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруучу болуп эмгектенген.
1992-жылы Токтогул районундагы катуу жер титирөөдө Толук айылын Чүйгө көчүрүү, жайгаштыруу комиссиясынын мүчөсү болгон.
Азыр Сокулук районундагы Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинде мугалим болуп эмгектенет.
Анын “Күн жана Жер” деген алгачкы ыры Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде жарык көрүп, кийин республикалык басма сөз беттеринде бир нече ырлары, аңгемелери жарыяланып келген.
1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.
2008-жылы Сокулук райондук кеңешинин депутаты болгон.
1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Кез келүү: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 48 б.
- Толук зилзаласы: Дастан. – Б., – 1994. – 32 б.
- Жаз кайрылып келет: Повесть. – Б.: Айат, 2006. – 48 б.
- Мезгил ызасы: Роман жана аңгемелер /1-китеп/. – Б.: Айат, 2007. – 180 б.
- Мезгил саптары: Роман /2 китеп/. - Б.: Айат, 2009. - 336 б.
Булактар
түзөтүү- ↑ Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6.
- ↑ Кимиси ким: Айылчы Токтогулов. Кыргызстандын жаңы адабияты.