Айыл-кыштак
Айыл-кыштак — элет жеринде эл отурукташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны чарбалык жана маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл өкмөтүнө карайт. 1970-ж. дүйнө жүзүндө 12-20 млндой, Кыргызстанда 2000-ж. 1801 кыштак болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1