Айыл чарбасынын инфраструктурасы

Айыл чарбасынын инфраструктурасы - айыл чарба тармагын тейлөөчү материалдык-техникалык жабдуулар комплекси. Ал башка тармактарга, мисалы, жол, байланыш, электр, маданий тейлөө ж.б. көз каранды. Арналышы боюнча эки багытка (өндүрүштүк жана социалдык) бөлүнөт. Өндүрүштүк айыл чарбасынын инфраструктурасы - айыл чарба өндүрүшүн камсыз кылуучу тармактардын жана мекемелердин жыйындысы (электр, жылуулук, газ, сактоочу, муздатуучу жайлар жана айыл чарба продукцияларын ташууну камсыз кылуу). Социалдык айыл чарбасынын инфраструктурасы - социалдык-маданий шарттарды камсыз кылууга багытталган мекемелердин, курулуштардын жыйындысы. Айыл чарба өндүрүшү үчүн социалдык инфраструктураны камсыз кылуу өтө маанилүү. Анткени, айыл жеринде туруктуу эмгек жамааттарынын түзүлүшү жана калыптанышы, адистердин иштеп кетиши социалдык инфраструктурага байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1