Айыл чарбасын электрлештирүү

Айыл чарбасын электрлештирүү - айыл чарба өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энергиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чарбачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы менен иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштешин автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу менен камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулардын өсүшүнө шарт түзөт жана эмгектин сарпталышын 20%ке үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири колдонулат (жасалма жол менен балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ылаңдарга каршы нурландыруу, тоюттандыруу ж.б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1