Айыл чарба азык-түлүгүн сактоо жана кайра иштетүү

Айыл чарба азык-түлүгүн сактоо жана кайра иштетүү - айыл чарба продуктулары - дан азыктары (буудай, арпа, күрүч, буурчак, күнкарама ж.б.), картөшкө, жер-жемиштер, жашылча, мал чарбасынан алынуучу эт, сүт кайра иштетилип, ар кандай сапаттагы тамак-аш түрлөрүн алуу. Чийки заттар (сырье) заводдо, цехте, фирмада кайра иштетилет. Эттен консерва, колбаса, чучук ж. б., сүттөн айран, кымыз, сарымай, быштак, жашылча-жемиштерден шире, кыям, ар кандай ичимдиктер ж. б. жасалат. Азык-түлүктү сактоонун шарттуу эрежелерп болот. Дан азыктары атайын дан сактоочу кампада, элеватордо сакталат. Кампа дан төгүлгөнгө чейин тазаланып, ичи жана андагы курал жабдыктар аэрозоль же газ менен дезинфекцияланат. Дан азыктары кампага түшкөнгө чейин жакшы кургатылып, ар кандай кошулмалардан тазаланып, температурасы 10°Сден ашпоосу зарыл, төмөнкү температурада дан азыктарынын дем алуусу, микроорганизмдердин өөрчүшү төмөндөйт. Үрөндүк арпа, буудай капта сакталат. Төмөнкү температура картөшкө, жашылчаны сактоочу жайларда сактоо мөөнөтүн узартууга шарт түзөт. Эт, сүт тез бузулуучу азык болгондуктан сакталуу мөөнөтү чектелүү, ошондуктан сөзсүз муздаткычта сакталышы керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1