Айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу

Айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу - өлкөнүн аймактарындагы топурак, климаттык шарт, айдоо аянтынын структурасы, рыноктун алыс-жакындыгы, экономикалык жана социалдык инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен айыл чарба өндүрүшүнүн географиялык бөлүштүрүлүшү. Мында эмгектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактардын салымы аныкталат жана айыл чарба продукциясынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистештирүүгө шарт түзүлөт. Мисалы, Нарын облусунда негизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чарбалары жайгаштырылган. Айыл чарбасын адистештирүү жана айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири бирин шарттап турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1