Айымбетов Алике (1915, Айгыр-Жал айылы - 1958, ошол эле жер) - айыл-чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери.

Эмгек жолун Кара-Суу ТОЗунда өндүрүштүк иштерде, кийинчерээк колхоздо табелчи болуп иштеген. 1935-ж.Чаткал району уюшулганда Эл депутаттарынын райондук кеңешинин аткаруу комитетинин кадрлар бөлүмүндө башчы, 1952-58-жылдары Ленин атындагы колхоздун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Анын төрага болуп иштеген мезгилинде колхозчулардын эмгек күндөрүнө жылдык отчеттордо мал, акча, эгин бөлүп берүү 1,5-2 эсеге көбөйгөн. 1956-ж.«Эмгек Даңкы» ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мактоо грамотасы менен сыйланган. Ысмы Кара-Суу айылындагы башталгыч мектебине ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6