Айырма тооЧаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы. Көгаласай (Сумсар), Кашкасуу жана Касансай сууларынын аралыгында түштүк-батыштан түндук-чыгышка 23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 2800–3000 м, эң бийик жери 3374 м. Кыры тайпак, капталдары тик (35–40°), кыска кокту-колоттуу. Силурдун чөкмө (кумдук, сланец, акиташ теги) жана жанартоо (андезит-порфирит, диабаз, туф, девондун доломит, кумдук, гравелит тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл жана кургак талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин, талаа жана шалбаалуу талаа (2300–2400 кмге чейин), андан жогору бадал-токойлуу шалбаа менен жылаңач аскалуу нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү