Айюбиддер - 12 - 14-кылымдагы Жакынкы Чыгыштагы султандар династиясы. Айюбиддер династиясы 1171-жылы Египетте шииттердин Фатимиддер династиясы кулатылган соң, Салах-ад-Дин Юсуф ибн Айюб тарабынан негизделген жана анын атасы Айюб ибн Шадинин ысмынан аталган. Шарттуу түрдө айюбиддер Аббасиддердин бийлигин тааныган, бирок мусулман дүйнөсүндө өз бийлигин толук орнотууга умтулушкан. 1238-жылы айюбиддер ич ара чыр-чатактардын айынан өз алдынча эки ээликке бөлүнүп кеткен. Египеттеги айюбиддер (теги боюнча курддар) алгач курд аскер башчыларына, кийинчерээк теги түрк мамлюктарга таянып бийлик жүргүзгөн. Египеттик айюбиддер 1250-жылы мамлюктар төңкөрүшүнүн натыйжасында бийликтен айрылышкан, ал эми алардын калган бутактары 12 - 14-кылымда Египетте, Сирияда, Месопотамияда жана Түштүк Аравияда бийлик жүргүзүшкөн. Мамлекеттик башкарууда жана маданий чөйрөдө айюбиддер иран-түрк салттарын бекемдешкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1