Ай автоматтык станциясы - Айды изилдөөгө арналган космостук аппарат. Аны менен Айдын кыртышы, андагы физикалык шарттар изилденет жана ар түрдүү илимий аппараттар, Айдын сүрөтүн жана байкоонун натыйжаларын Жерге берип туруучу радиотелеметрдик, телекөрсөтүүчү системалар менен жабдылган. Станциянын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайыкталат. «Луна-9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966-ж. 3-февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна-13» (21. 12. 1966), «Луна-16» (12. 9. 1970), «Луна17» (17.11.1970), «Луноход-1» жана америкалык «Сервейер-1», «Сервейер-7» планета аралык автоматтык станциялары ийгиликтүү учурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1