Ай фазалары - Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, ай фазалары алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай жана акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык менен бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн менен Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт. Эгер Ай жаңырганда, ал Жер менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Күндүн тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фазасы 1-чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14-15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп менен 29,5306 сутка өткөндө кайра жаңырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1