Академия – жогорку байтүп жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу жогорку окуу жайы, белгилүү бир илимий жана илимий-педагогикалык тармактар үчүн жогорку адистиктеги кызматкерлерди даярдайт жана/же кайра даярдайт, кесиптик билимдерин өркүндөтөт; фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү ишке ашырат; өз тармагы боюнча жетектөөчү жана илимий усулдук борбор болуп саналат.

Мифтик каарман Академдин жана Афинанын жанындагы анын ысымына байланыштуу жердин атынан келип чыккан. Биринчи А. Платон академиясы (б.з.ч. 386-ж.) болгон. Алгачкы Академия Кыргызстанда 1954-ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек) СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген. Учурда Улуттук Илимдер Академиясы статусун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7