Академиялык басылыш, Академиялык басылма – жазуучунун чыгармаларынын, алардын ар кандай варианттарынын комментарийлер менен жабдылган толук басылышы. Мындай басылыш белгилүү окумуштуулар тарабынан же алардын катышуусу менен ишке ашырылат. Текст сунуш кылууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөркөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан, башка редакияларынан пайдаланылат. Академиялык басылышта текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий- маалыматтык аппарат менен коштолот. Мындай басылышта жазуучунун бүткүл чыгармалары же айрым бөлүктөрү (ырлар, прозасы, каттары) чыгарылышы мүмкүн. Бул багытта бизде кыргыз адабиятында иштер бир топ солгун.

Адабият түзөтүү

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3