Академиялык борборКыргызстандагы бардык илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз АОнун Ревкомунун Президиуму тарабынан уюштурулган мекеме (1924-жыл). Кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын жана программаларын, жобо, инструкцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу академиялык борбордун башкы милдети болгон. Ошондой эле илимий мекемелердин иштерин жөнгө салуу менен жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. Академиялык борбордун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро жана музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди коргоо уюмдары иштеген. Кыргызстан крайтаануу илимий изилдөө институту уюшулганга чейин (1928), академиялык борбор тарабынан маданий курулуштун актуалдуу, татаал жана ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды жана тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо жана башка иштерди жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1